Кыргызстан-Мьянма беттеши. Эсеп: 5:0

Сүрөт: Кыргыз футбол союзу

Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинин биринчи таймында кыргызстандык футболчулар беш топ киргизди.

Беттештин 22-мүнөтүндө Турсунали Рустамов, 29-мүнөттө Гулжигит Алыкулов  Фархат Мусабеков 34-мүнөттө, Алимардон Шүкүров 44-мүнөттө, Мирлан Мурзаев 45-мүнөттө мьянмалык футболчулардын дарбазасына топту өткөрдү.

Оюн Бишкек убактысы менен саат 13:00дө башталды. Беттеште кыргыз курамасынын оюнчулары ак формада ойноп жатат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. F тайпасындагы оюндардын баары тең Япониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо