Ош: «Алай» футбол клубунун жетекчиси кызматтан кетти

Оштун Ахматбек Суюмбаев атындагы шаардык стадионунун жана «Алай» футболдук клубунун жетекчиси Алмазбек Сулайманов өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. 

Тиешелүү буйрукка 11-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

«Ал эми аталган клубдун вице-президенти кызматы документте эмес, оозеки аталып келген. С. Аматовдун да мындан ары клубга тиешеси жок»— деген Абсаттаров.

Калаа мэринин дайындоосу менен аталган стадионго жана «Алай» футболдук клубу муниципалдык ишканасына жаңы директор болуп Улан Алымканов дайындалды.
Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 216 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо