Коронавирус бир күндө 619 кишиден жаңы аныкталды. Беш киши каза болду

Кыргызстанда өткөн суткада 619 кишиден коронавирус жаңы аныкталды. Илдеттен  296 бейтап сакайып, бир күндө 5 киши көз жумду.

Оору жуктургандардын саны Ош шаарында көбөйүп жатат. Акыркы суткада Бишкекте – 273, Ошто – 110, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда — 57, Таласта – 7, Нарында – 5, Ысык-Көлдө – 22, Жалал-Абадда – 26, Баткенде  – 20 учур катталды.

Илдеттен Бишкекте — 4, Ысык-Көлдө — 1 бейтап көз жумду.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 109 812ге жетти. Анын ичинен 102 314ү дартты жеңген. Оору жалпы 1 881 адамдын өмүрүн алды.

Учурда стационарларда 1 949 адам дарыланып жатат. Анын ичинде 585и оор абалда болсо, 90 бейтаптын абалы өтө оор.

 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 257 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо