Ошто эпидкырдаалга байланыштуу массалык иш — чаралар токтотулду

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин бардык маданий-массалык иш-чаралар токтотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз катчысы билдирди.

Мэриянын маалыматында калаадагы эпидкырдаалга байланыштуу төмөнкү чектөөлөр киргизилгени айтылган.

  • коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү толтурбоо зарылчылыгы жана бет кап кийүү милдеттендирилет;
  • санитайзерлер коюлушу шарт;
  • аралык сакталышы керек;
  • маршруттук каттамдардын айдоочуларында патенттин сөссүз болушу керек.

Ал эми, коомдук жайлар жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда түшүндүрүү иштери күчөтүлүшү керектиги белгиленди. 

Калаада учурдагы кырдаалга байланыштуу кошумча үч мобилдик топ кызмат кылат. Базарлар жумасына бир жолу жабылып, тийиштүү кызматтар тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрмөкчү.

«Тойканалардын, ресторан-кафелердин сыйымдуулугу 50 пайыздан ашпашы керек. Той-мааракелер кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин токтотулушу мүмкүн. Кырдаал курчуса кошумча күнү-түнү иштеген стационарлар ачылат, бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат«, — деп айтылган маалыматта.

Ошто бүгүнкү күндө №52 жана №18 мектептеринде күндүзгү стационар ачылып, иштеп жатат..

Медицина кызматкерлери үчүн «Умму Мухаммед» медресесинде жана Оштогу Ислам колледжинде обсервация даярдалган.

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны кайрадан көбөйө баштады. Соңку сутка Ош шаарында вирус 110 кишиден жаңы аныкталды.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 257 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо