УКМК Баткенде мамкызматкерлер жер тилкелерин мыйзамсыз каттап турганын аныктады

Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жер тилке бөлүштүрүүдө расмий документтерди жасалма жол менен каттап, аны ири суммада сатып турган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 

Атайын кызмат, 2010-жылдан бери Баткенде жасалма документтердин негизинде жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилгенин аныктаган. 

УКМКнын маалыматында, Баткен шаарынын мурдагы мэри жасалма токтом менен, ар бир жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейин баалап сатып турган.  Ошол эле учурда, облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары, ушул жасалма токтомдордун негизинде архитектуралык документтерди жасаган. Ал бул жасалма документтерди 100 сомдон 200 миң сомго чейин саткан деп шектелүүдө.  Ал эми, бул документтердин аткарылышы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси тарабынан жүргүзүлгөн. Ал ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турган.

Ошондой эле, атайын кызмат мамкызматкерлерге шаардын эки тургуну ортомчулук кылып, кардарларды таап бергендиги үчүн 60 миңден 100 миң сомго чейин алышканын аныктаганын маалымдады. 

Учурда бул факты боюнча шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иштин бардык жагдайларын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бир жер тилкенин орточо баасы дээрлик 400 миң сом деп бааланат. 

 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 257 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо