Кара-Сууда 20 миллион сомго бааланган 10 жер тилке мамлекетке кайтарылды

Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан калктуу конуштардагы 10 жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен аталган айыл өкмөтүнө караштуу Ташлак айылындагы 10 жер тилкесин жарандарга турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп бергендиги аныкталган. 

«Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 10 жер тилкесине берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу тууралуу прокуратуранын доо арыздары сот тарабынан толугу менен катааттандырылды», — деп айтылам маалыматта.

Жер тилкелерди муниципалдык менчикке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан Шарк айыл өкмөтүнүн башчысына чара көрүү актысы  киргизилген.  Жыйынтыгында 20 000 000 сомдук 10 жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо