Ошто ири суммадагы акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

«Дженго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.И.М аттуу жаран кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Т.И.М башында турган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарып, курал менен коркутушкан. Алар жабырлануучунун «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алышып, «общаковская кассага» деп 300 000 сом талап кылышкан.

Ошондой эле кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн арасында К. Досоновдун жеке айдоочусумун деген Р.у.А аттуу жаран кошумча дагы 1000 доллар талап кылган.

Учурда кармалган жаран Ош облустук жана Ош шаары боюнча УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 11-февралда адвокат Назгүл Сүйүнбаева Досонов УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү барганын «Т-Медиага» кабарлаган. Ошол эле күнү УКМК «Дженго» каймана аты бар кримтөбөл делген Кадыр Досонов уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында Ошто кармалганын жарыялады. Ал Бишкекке алынып келинген жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Былтыр ноябрда Кадыр Досонов оор кылмыш кылган деп шек саналып, Ош шаардык соту аны камакка алуу түрүндө (сыртынан) баш коргоо чарасын караган. Андан соң УКМК ага издөө жарыяланган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо