
Өткөн 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду. Вирус дагы 514 кишиден аныкталды. Ошол эле учурда дарыланып жаткан 367 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Жалалидин Рахматулаев билдирди.
Анын айтымында жаңы учурлардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларында катталды.
- Бишкек — 234;
- Ош — 110;
- Чүй — 80;
- Ош облусу— 34;
- Баткен — 17;
- Ыссык-Көл — 14;
- Жалал-Абад — 13;
- Нарын — 7;
- Талас — 5.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын 18-мартынан бери илдет 111 404 кишиге жукту. Анын ичинен 103 257си айыкты. Курмандыктар 1905.
Оставьте первый комментарий