Алайдагы памирлик кыргыздарга мал-жандыктар берилди. Сүрөттөр

Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздарга мал-жандыктар берилди. Бул жол менен аларга өз алдынча тирчилик кылууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» Алай районунун акиминин орун басары Бакыт Осмонов билдирди.

Осмоновдун айтымында жандыктар Садыр Жапаровдун фондунан берилген. Жалпы 17 үй-бүлөгө  170 кой, музоосу менен 17 уй жана 17 баш жылкы бөлүнүп берилген.

«Ар бир үй-бүлөгө 10 кой, бир уй торпогу менен жана бирден жылкы берилди. Эми ушул берилген мал-жандыктарды көбөйтүп, уйларды саап, сүтүн ичип, сатып өз алдынча жашап кетиш үчүн ушундай иш-чаралар уюштурулуп жатат. Президент келгенде 10 тонна азык-түлүк алып келген, азыр ошол жетип жатат»,- деди Осмонов.

Садыр Жапаров 4-апрелде Алай районуна болгон иш сапарында памирлик кыргыздардан кабар алган. Анда ооган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин көчүрүп келүү ниетин билдирген.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыздар келген. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмеc.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо