Ош шаары майыптыгы бар жарандарга ыңгайлашканбы? Жарандык көзөмөл жүргүзөбүз

2019-жылга карата өлкөдө 194 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Бул — калктын санынын 2,93 пайызына барабар. 

2019-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялаган. Мында алардын бардык укуктары толук жана бирдей камсыз кылынышы керек. Эки жыл ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кандай шарттар түзүлдү?

Майыптар арабасына отурууга мажбур болгон 41 жаштагы Абдилманап Турдуевдин туулгандан тарта эки буту баспайт. Мындан улам аны дайыма бир адам коштоп жүрүүсү керек. Турдуев жолдо жүрүүдө, имаратка кирүүдө дайыма кыйынчылыктарга кабылат. Анткени басымдуу жайларда коляскада өз алдынча жүрө турган шарттар дээрлик түзүлгөн эмес.

«Ооруканага барып, экинчи кабатка чыгууда абдан кыйналдым. Тепкичтен көтөрүп чыгыш үчун бирөөлөрдүн жардамы керек болду. Көп кабаттуу үйлөрдө да шарт жок, айласыз биринчи кабатта жашаганга туура келет. Ал гана эмес жолдордо деле кыйын да. Тратуарда баратсаң алдыңан тепкич чыгат жылал албай туруп каласың. Бирөөнүн жардамына муктаж болосуң», -деп кейиди ал. 

Абдилманап Турдуев Ош экинчи борбор болгонуна карабай майыптыгы бар жарандар үчүн эч кандай шарттар жоктугун айтат. Ал тротуарларда жүрүүгө мүмкүнчүлүк жотугунан унаалар жүрүүчү жолдордо жүрүүгө аргасыз. Ал эми пандустар шаардын көпчүлүк бөлүгүндө жок.

«Мэриянын алдынан гана пандус кезиктирүүгө болот. Оорукана, даарыкана, дүкөндөргө көп барам, бирок биринен да учуратпадым. Айласыз эшикте күтүп турасың. «Киришиме жардам берип кой» деп кайра-кайра элдерден жардам да сурай албайсың». 

Ош шаарында жети миңден ашуун майыптыгы бар жарандар бар. Алардын миңден ашыгы 18 жашка чейинкилер. Каарманыбыз, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Гулнура Кубатаева калаадагы имараттарда, коомдук жайларда майыптыгы барлар үчүн шарттар түзүлбөгөндүгүн мындайча түшүндүрдү:

«Аялдамалар ыңгайлуу болбогон үчүн мага окшоп коляска менен жүргөндөр чыга албайт. Пандустар жок. Жөнөкөй эле мисал, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ооруканаларда ушундай шарттын жоктугу кейитет». 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктарын коргоого багытталган негизги эл аралык документ — бул БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясы. Бул конвенцияны Кыргызстан 2019-жылы ратификациядан өткөргөн. Майыптыгы бар адамдар бардык жарандар сыяктуу эле толук кандуу билим алууга, медициналык жана башка кызматтарды алууга укуктуу. Ош шаарындагы калктын аярлуу топторун коргоо жана колдоо борборунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова Кыргызстан бул конвенцияны ратификациядан өткөргөнү менен майыптыгы бар адамдар үчүн азырынча жеткиликтүү шарттар түзүлө электигин билдирди.

«Майыптардын конвенциясынын жөнөкөй эле беренелерин карап көрөлү. 5-беренеде алар эч кандай кемсинтүүсү жок, зордук-зомбулуксуз жашаш керек. Ошондой эле башка адамдардын катарында жүргөндө эч кимдин дискриминациясына кабылбашы зарыл. Тилекке каршы, бул боюнча алгылыктуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй келе жатат. Ушул эле конвенциянын маанилүү дагы бир беренеси бар,  9-берене (Жеткиликтүүлүк). Бул  деген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын инфраструктурага, маалыматка жана социалдык кызматтарды алууга болгон жеткиликтүүлүгү камсыздалышы керек дегенди билдирет, Бирок маалыматка болгон жеткиликтүүлүгү мамлекеттик кызматтар тарабынан берилбей келе жатат. Ошол эле беренеде майыптар үчүн банктар, ооруканалар, эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ошондой эле шаарыбызда толугу менен инфраструктуралык жеткиликтүүлүк  болушу керек. Өкүнүчтүүсү ал нерсе да жок», -дейт Эшмуратова.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар акырындап түзүлө баштады дейт. Ал коляскада отургандар чыга турган коомдук транспортко шарт жоктугун мойнуна алып, шаардагы курулган пандустардын көпчүлүгү нормага туура келбегенин  айтат.

«Чындыгында коомдук транспортторго мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, айрыкча коляскада жүргөндөрдүн чыгуусу оор. Пандусу бар автобус бизде жок. Бир-эки троллейбуста гана көргөм. Негизинен маршоуттарда андай шарт жок. Чоң автобустарда деле каралган эмес. Мындан кийин жаңы автобустар алына турган болсо, майыптар үчүн да ыңгайлуулугун караш керек. Көпчүлүк пандус курулбай калган имараттарга бир адамды бекитип атабыз. Имараттын кире беришине коюлган коңгуроону мүмкүнчүлүгү чектлеген адам келип басса,  ал адам жарандын маселесин угуп, тиешелүү адистерди чакырып бергенге шарт түзүп жатабыз». 

Майыптыгы бар жарандар үчүн бардык жайларда пандус болууга тийиш.

Калаада майыптыгы бар жарандар үчүн көп шарттар түзүлбөгөнүн Ош мэриясы моюндайт. Муниципалитеттин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров алдыда курулуп жаткан курулуштарга пандустар милдеттүү түрдө курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттар түзүлөт деп ишендирди.

«Бизде азыр тратурарларды оңдоо боюнча мастшабдуу иштер жүрө элек. Бирок оңдолгондорунда пандустар бар. Азыр шаардагы көпчүлүк тратуарлар эски да. Андагы пандустар бир жеринже бийик, дагы бир жеринде төмөн курулуп калган. Ал майыптар үчүн эле эмес велосипед минип бараткан адамга да ыңгайсыз. Мындан тышкары шаарда курулуп жаткан ажаатканаларды да пандусу менен курдуруп жатабыз. Ал эми коомдук транспорттордо, мекеме-ишканаларда да пандус жоктугу чындык», -дейт Абсаттаров.

Майыптардын айтымында, республикада 2008-жылы кабыл алынган «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам дээрлик иштебейт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо