Ошто миграциядан кайткандардын бизнес ачышына көмөктөшкөн борбор ачылды

Ош шаарында PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору ачылды. Ал жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында иш алып барат.

Уюштуруучулардын айтымында, борборго кайрылгандарга атайын адистер жардам берип, бизнесин түптөп, өнүктүргөнгө чейин көмөктөшүшөт.

«Бүгүн Ош шаарында биринчи борборду ачып жатабыз. Максатыбыз  жергиликтүү  ишкерликти өнүктүрүү. Алардын идеяларынан баштап, ишке ашыргана чейин жардам көрсөтүлөт. Атайын устаттар кеңештерин берип, чоогу иштешишет. Андан соң, инвестицияларга даярдап, инвесторлорго кошуу. Жумуш орундарын расмий түзүп, көбөйтүшүн күтүп жатабыз», — деди PEAK Кыргызстан программасынынын директору Кыял Султанбаева.

Уюштуруучулар бул борборду ачуу менен ишкерликти өнүктүрүп, жумушсуздукту азайтуу жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүүгө салым кошууну күтүп жатышканын кошумчалашат.

Бул борборго Улуу Британиянын элчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлүп,  жардам көбүнчө миграциядан кайтып келген аялдар жана жаштарга арналган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо