Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева тажик чек арачыларынын үстүнөн милицияга арыз жазды

Сүрөт: Т-Медиа

Баткендин Лейлек районундагы такталбаган көчөдө тажик чек арачыларынын колуна түшкөн “Интербилим” коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева 16-июнда милицияга арыз жазды. Бул тууралуу ал «Т-Медиага» өзү билдирди, арыз Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө берилген.

Мамасалиеванын айтымында, тажик аскерлери анын сумкасын текшерип жаткан учурда 10 миң сомун жана кол саатын чечип алышып, кайра кайтарган эмес.

«Милицияга «10 миң сомуму, колумдагы саатты чыгарып алышты. Ошондой эле мени Тажикстандын аймагына алып киргени боюнча чара көрүп бергиле» деп арыз жаздым. Машинамы айдап баратып такталбаган көчөгө түшүп калыпмын да. Көрсө ал көчөнү көбүнчө тажик тарап колдонот экен. Бирок ал жер Тажикстанга караштуу делген эч жерде белги же жазуу жок. Кыргызстан менен Тажикстан 2019-жылы кол койгон протокол бар экен. Анда эгер, кыргыз жарандары  такталбаган аймакка кирип кетсе, тажтиктер жол көргөзүп чыгарып коюш керек. Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары да дал ушундай эле жардамды бериши шарт экен.  Алар анткен жок да, мени өздөрүнүн аймагына алып кирип кетишти. Мени тоногондорду чек арачылар кылды деп шектенип жатам. Себеби граждандык кийим кийгендер менен чек арачылар ортодо сөздөрдү которуп бири-бири менен сүйлөшүп жатышты. Чек арачылар айтканды беркилер (ред: граждандык кийимчендер) жасап атты». 

Арыз келип түшкөнү боюнча Баткен облустук милициясы комментарий бере элек.

Бир күн мурун Гулгаакы Мамасалиева Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү шайлоого байкоо салуу үчүн барган. Ал айылдан бара жатып, чектеш жайгашкан Тажикстандын аймагына билбей кирип кеткендиктен, тажик чек арачыларынын колуна түшүп калган.

Мамасалиева Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуя учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо