Жыл башынан бери шахталардагы кырсыктарда төрт киши мерт болду

Кыргызстанда жыл башынан бери көмүр шахталары урап түшкөн үч кырсык катталып, андан төрт адам каза болду. Дагы үч киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 15-январда Баткен облусунун Коргон айыл аймагындагы кароосуз калган көмүр шахтасында жарылуу болуп 45 жаштагы адам мерт кеткен.

8-июнда ушул эле облустун Сүлүктү шаарында шахта урап түшүп 20 жаштагы жигит каза болуп, дагы бир киши жаракат алган.

15-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өрүктү тилкесинде шахта урап 46 жана 44 жаштагы эки киши каза болуп, эки адам жабыркады.

Баткен облусу боюнча көмүр казууга 215 лицензия берилген. Ушул тапта анын 65инен көмүр казылат. 2019-жылы облуста көмүр шахталарындагы кырсыктардан улам 10 адам каза болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо