Ошто 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун Алай районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү бүгүн 17-июнда эрте менен саат 06:30да болгон.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Алай районунун Иркештам, Көк-Суу айылдарында 3,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо