Коронавирустан 8 бейтап каза болду. Илдет дагы 931 кишиден аныкталды

Өткөн 24 сааттан ичине COVID-19 илдети 931 кишиден табылды. Бишкекте 5, Чүйдө 2, Ош облусунда 1 бейтап көз жумду. Ошол эле учурда 522 бейтап дартты жеңип, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Анын айтымында өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал күн сайын оорлошууда.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек – 435;

Ош – 147;

Чүй – 129;

Ош облусу – 93;

Жалал-Абад – 50;

Баткен – 41;

Ыссык-Көл – 27;

Нарын – 5;

Талас – 4.

Айыккандар: 

Бишкек —232;

Ош — 119;

Чүй— 34;

Ош облусу — 74;

Талас — 34;

Нарын — 7;

Ыссык-Көл — 12;

Жалал-Абад облусу — 22;

Баткен — 19.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 116 миң 546 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 932 киши айыгып чыкса, 1 миң 945 адам каза болду.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*