Акыркы суткада миңге жакын кишиден коронавирус аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, бирөө Чүй облусунда катталды. Муну менен илдеттин курмандыктары 1 977 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 27-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 992 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте — 567.  Мындан тышкары Чүй облусунда — 127, Жалал-Абадда — 84, Баткен облусунда — 65, Ош облусунда — 42. Ош шаарында — 34, Ысык-Көлдө — 28, Нарында — 22, жана Таласта — 13 учур чыкты.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 550 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 120 865 киши вирус жугузуп алды. Анын 108 465и сакайды.

Учурда 2 995 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 899 кишинин абалы оор, 127 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда 100 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V» вакциналары колдонулуп жатат. Кыргызстан эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасын күтүп жатат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*