Садыр Жапаров: кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал эки өлкө үчүн тарыхый сыноо болду

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров.

Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында тар чөйрөдө жолугушуп жатат.

Маалыматта Рахмон Тажикстан Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгилегени айтылат.

Жапаров чек арадагы ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон куралдуу жаңжал эки өлкөнүн эли үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, — деди Садыр Жапаров.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо