Кыз ала качуу канткенде токтойт?
Кыргызстанда акыркы жылдары ала качуунун арты өлүм менен аяктаган учурлар көп катталууда. Ала качуу менен курулган үй-бүлөлөр көпкө узабай ыдырап, миңдеген балдар атанын же эненин мээримин көрбөй өсүп жатат. 21 жаштагы Жибек (аты өзгөртүлдү) да 17 жашында ала качууга туш болуп, турмушу оң келбей, азыр 2 баласын жалгыз тарбиялап жатат.
Ала качуу балдарымды атасыз калтырды
Жибек кезинде врач болууну самаган. Мектептеги алдыңкы окуучулардан болуп, келечектеги максаттары көп эле. Бирок, 11- классты бүтөрү менен коңшу айылдагы жигит ала качып кеткен. Каршы болгонуна карабай туугандары аны "отургузуп" койгонун айтат. 17 жашында келин аталып, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөн улам ажырашып, 20 жашында бир турмуш көргөн жубан аталган.
"Окууну бүтүп, эми шаарга окууга барам деп жатканда менден 8 жаш улуу жигит ала качып кетти. Чоң атамдын колунда тарбия алгандыктан, алар эскичиликке салып, "отургузуп" койду. Мен "окуйм, врач болом" десем, түшкөн жерим "өзүбүз окутабыз" дешкен. Бирок бул сөздөр мени алып калуу үчүн эле айтылган экен. Биз үйлөнгөндөн кийин 2 айдай эле жакшы жашадык. Анан жолдошум күн сайын ичип келе баштады. Мүнөзү өзгөрүп, кол көтөрмөй болду. 18 жашымда биринчи кызымды, 19 жашымда экинчи кызымды төрөдүм. Бирок мага карата зомбулук азайган жок. Көзүмдөн көк кетпей, он жашка карып кеттим. Кабыргаларым сынганга чейин сабалдым. 3 жыл чыдап жашап, ден-соолугумду жоготтум. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди такыр түшүнө албадык. 20 жашымда "ажырашкан келин" болуп калдым. Баары башкача болуш керек эле. Ала качуунун айынан кыздарым атасыз калды",- дейт Жибек.
Ала качуунун курмандыктары
Быйыл эле Айзада да ала качуунун курмандыгы болду. 5-апрелде Айзаданы ала качышкан. Эки күндөн кийин Бишкекке жакын жерден кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү табылган. Айзада мыкаачылык менен муунтуп өлтүрүлүп, аны уурдаган адам өзүнө кол салган. Үрөй учурган бул окуялар коомчулукта кызуу талкууга алынган.
2018-жылы 20 жаштагы Бурулай ала качуунун курмандыгы болгон. Ал милиция бөлүмүндө киши колдуу болуп каза тапкан. Анда мажбурлап никеге туруу максатында 29 жаштагы жигит ала качып бара жаткан жеринен кармалган. Кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында ала качкан жигит өзүнчө бөлмөдө кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урганы кабарланган. Оор жараат алган Бурулай эсине келбей ооруканада жан берген.
Көпчүлүк учурда ала качууга туш болгон кыздар арыз жазышпайт. Жазгандар кайра арызын кайтарып алган учурлары көп.
Бул социалдык тармактарга чыгып, коомчулукка жеткени эле. Ал эми
айтылбай жашыруун калгандары канча. Мажбурлоо менен турмуш курган кыздардын көпчүлүгү көнүп жашап кетишкени менен, оор тагдырга туш болушат.

Улуттук статистика комитетинен берген маалыматында, Кыргызстанда 18 жашка чейин турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт. Жашы жете элек кыздар көпчүлүк учурда ала качууга кабылып жашап калышат. Ала качууга дуушар болгон кыздын кайра өз үйүнө келишин ата-энеси уят деп ойлогон көрүнүштөр да буга себеп болот.
Ала качууга кабылган кыздар укугун билсе отурбайт
25 жаштагы Мээрим (аты өзгөртүлдү) үч ирет ала качууга туш болгон. Үчөөндө тең өзү тааныган адамдар мажбурлап никеге тургузууга аракет кылышкан.
"Мени 3 жолу ала качышты. 2 жолу аяш атамдын эле уулу. Ата-энем, туугандарым "отуруп, жаша" деп урушкан учурлары да болду. Өз укугумду билем деп үч жолу тең чыгып кеттим. Мен уурдалып турмуш кургудай буюм эмесмин да. Айылдагылар, кошуналар айлап сөз кылып жүрүштү. Элдин сөзү менин келечегимди куруп бермек беле? Ала качуу - жапайы көрүнүш. Укугун билбеген кыздар салт экен деп жашап калышат. Ошондуктан ала качууга туш болгон кыздар өз укугун коргой билиши керек. Арыз жазып, өз тагдыры үчүн өзү күрөшсө баарын жеңет",- деди Мээрим.
Журналист Бакай Калматовдун айтымында өзүнө ишенбеген эркек гана кызды ала качат. Ала качууну токтотуу үчүн үй-бүлөдө тарбия жакшы болушу керек деп эсептейт. Билимдүү, тарбиялуу бала кандай кыз болбосун мамиле куруп сүйлөшүп, үйлөнүүгө көндүрө аларын билдирди. Эркек бала кыз кишини сыйлоону үйрөнсө, мындай окуялар азаят дейт.
Активист Майрамбек Таалайбек уулу кыздардын укугун коргоп келет. Ал акыркы өлүм менен коштолгон ала качуулар элге сабак болушу керек дейт. Ала качып үй-бүлө куруудан көп кыздын тагдыры бузулуп жатат. Муну токтотууда жалпы эл комплекстүү иш алып барса деген оюн билдирди.
"Ала качууну азайтуу үчүн элге маалымат жеткирүү керек. Башкача айтканда укуктук билим берүү шарт. Адам өз укуган билсе алып качпайт жана качырууга туш болгон кыз жашоосун чече алат. Жарандык коом ачык айтканды токтотпоо зарыл. Мыйзамдардын так иштөөсүнө мамлекет тарабынан көз салынса. Ала качуу бул кылмыш. Жалпы элге, ала качууга кабылган кыз же күбө болгон адам кандай аракеттерди жасоону, биринчи кимге кайрылуу керектигин түшүндүрүү зарыл. Бир эле мыйзамды карабай, бардык тарап бирдей иш алып барса ала качуу азаят",- деди Майрамбек Таалайбек уулу.
Кыз ала качуу, күч менен күйөөгө берүүнү кыргыз элинин илгертен келген салт-санаасы дегендер арбын. Бирок, бул салт эмес, кылмыш дегендер да четтен чыгат. Ош шаарынын тургуну Гүлмира Назарова ала качуунун токтобой жатканы кыргыз эркектери үчүн өтө уят иш деп баалайт.

"Бой жетип калган эки уулум, эки кызым бар. Мен кыздарымдын келечеги бүдөмүк болуп, уурдалып турмуш курушуна каршымын. Ошол эле учурда уулдарым да ала качуу жолу менен үйлөнүшүн каалабайм. Адамдарда сый-урмат деген болуусу керек да. Кудалар менен да таанышып, жакшы мамиледе эле той кылып үйлөнтсө болот. Биз чоңдор балдарга туура тарбия берип, алардын турмуш курууга болгон жоопкерчилигин күчөтүү биздин колубузда",- деди Назарова.

Кыргызстанда 2013-жылдан бери мыйзам боюнча ала качуу кылмыш деп белгиленип, жазалар киргизилген. Никеге туруу максатында кыз ала качкандар беш жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратылат. Жашы жете электерди үй-бүлө куруу максатында уурдагандарга жети жарым жылдан он жылга чейин жазага таруу каралган. Жарандык активист Гүлгакы Мамасалиева мыйзам жазылганы менен иштебей келбенин айтат.
"Мыйзамдын иштебей жаткандыгы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кайдыгерлиги десек да болот. Ала качууну токтотуу үчүн бийликтеги органдар эң чоң роль ойнойт. ИИМдин башчысы катуу көзөмөл кылса эле токтомок. Шаар, район, айылдарды тыкыр текшерип турушу зарыл. Жергиликтүү айыл өкмөткө, айыл башчыларга катуу талап коюп иштетсе болот. Эгер бир факты катталып, бирок алар жашырса, жазага тартыш керек. Ошондо эле сестене баштайт. Ала качкан адамды, качырууга катышканды, туугандарын жазага тартып чоң өлчөмдө айып пулга жыгуу керек. Президент ИИМдин башчысына 6 айдын ичинде ала качууну мынча пайызга түшүрөсүң же кызматыңды бошот деген талап койсо болот. Бизде талап жок. Кайдыгерликтин айынан кыздар жабыркап жатат",- дейт Гүлгакы Мамасалиева.

Бир да динде, анын ичинде ислам дининде кыз ала качууга жол берилбейт. Бул тууралуу мурдагы муфтий Максатбек-ажы Токтомушев билдирди.

"Кыз ала качуу исламда жок нерсе. Үйлөнө электерге өзгөчө кайрылуум, бирөөнүн кызын мажбурлап никеге тургузбаңыздар. Адамды кантип уурдасын. Бул кадамга эч качан барбаңыз. Үйлөнүүгө ниетиңиз барбы, ак жол,ак нике менен, ата-энесинин ак батасын алып, үй-бүлө куруңуз. Кыска өмүрдө бактылуу жана татыктуу жашайлы",- дейт Максатбек-ажы Токтомушев.

Ала качуу коомдун талуу көйгөйлөрүнүн бири. Жарандык активисттер, журналисттер, коомдун бир бөлүгү ала качуунунун кесепеттерин айтып, жазып жатса да бул көрүнүш уланып келет. Кыргызстанда кыз ала качкандарга мыйзам болгону менен иштебей жатат десе да болот. Шаарларда активисттер, коомдук уюмдун өкүлдөрү ала качуу жана кыз-келиндерге болгон зордук-зомбулукка каршы тынымсыз акция, жөө жүрүшкө чыгып турушат.
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.