
Туристтерди тартуу үчүн быйылкы сезондо Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортуна түз аба каттам ачылат. Алгачкы учак 11-июлда учуп келет. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.
“Өзбекстан аба жолдору” компаниясынын учагы туристтик сезон маалында «Тамчы» аэропортуна жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү учуп келип-кетип турат. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.
Оставьте первый комментарий