COVID-19: Жалал-Абадда тойканалар бүгүндөн тарта ишин токтотту

Жалал-Абад шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканалар бүгүндөн тарта белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай чечим шаардык ыкчам штабдын 1-июлдагы жыйынында кабыл алынды.

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы Кабылбек Көчкөнбай уулунун айтымында, коомдук тамактануучу жайлар ишин кадимки тартипте, таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин уланта беришет. Болгону орундуктарын 50% ашык толтурбашы шарт.

«Ошондой эле коомдук транспорттор (кичи автобустар) жекшемби күнү каттамга чыкпайт. Учурда ковид-19 илдети көп катталып жаткандыктан коомдук жайларда беткап тагууну көзөмөлдөө күчөтүлөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү кызматтар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча тынымсыз рейддерди өткөрүп турат», -дейт ал.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 1392 жаңы аныкталды, илдеттен тогуз адам каза болду. Жаңы катталгандардын 803ү Бишкек шаарында катталса, 37 учуру Жалал-Абадга туура келди.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 126 395 кишиге жукту. Анын 110 миңден ашыгы айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 2009 адам кайтыш болду.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*