COVID-19: дагы 1437 жаңы учур катталды. Бир күндө 9 бейтап көз жумду

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 1437 кишиден жаңы аныкталды. Илдеттен бир күндө 9 бейтап көз жумуп, 568 адам ооруну жеңди.

5-июлга карата Бишкекте — 924, Ошто — 71, Чүйдө — 142, Ош облусунда — 85, Таласта — 10, Нарында — 7, Ысык-Көлдө — 33, Жалал-Абадда — 78, Баткенде — 87 учур катталды. COVID-19 илдетинен Бишкекте — 3, Чүйдө — 1, Ысык-Көлдө — 2, Жалал-Абадда — 1, Ош облусунда — 2 бейтап көз жумду.

Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий маалымат боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 132 миң 70 ке жетти. Айыккандар  113 миң 212 адам. Анын ичинде 2 миң 46 адам каза тапты.

Учурда ооруканада 4121, үйдө 11 589 бейтап дарыланып жатат. Алардын 1193ү оор 176сы өтө оор абалда.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1434 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*