
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясы кабарлады.
Маалыматка караганда, Болгариядагы былтыркы таймашта спортчуну жеңип алган атаандашы, индиялык балбан Сумит Малик кызытма (допинг) колдонгону аныкталган. Мындан улам анын жолдомосу Лазаревге берилди.
Кыргызстандык балбан индиялык Сумит Маликке биринчи айлампада жеңилип, коло байге алган.
Токиодогу жайкы Олипм оюндарына ушуну менен кыргызстандык 17 спортчу жолдомо алды. Эл аралык беттешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова жана Денис Петрашов барат.
Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Мелдештер былтыр коронавирус пандемиясынын улам бир жылга жылдырылган.
Оставьте первый комментарий