Ошто жергиликтүү тургундар темир заводдун жабылышын талап кылышууда

3-июлда Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунун Касымбеков көчөсүнүн тургундары темир заводдун жабылышын талап кылып чыгышты. Алар цехтен чыккан түтүн экологияны булгап, ооруга чалдыккандар көбөйгөнүн айтышууда. Бирок шаардык архитектура кызматы заводдун жанындагы үйлөр мыйзамсыз курулганын билдирди.   

Жергиликтүү тургун Тургунбай Алдакуловдун айтымында, темир заводдон чыккан түтүн үйлөрдү каптап, тургундардын дем алууга мүмкүнчүлүгү жок болууда. Мындан улам алар ишкананы шаардын сыртына көчүрүү талабын коюп, бийликтегилерге кайрылды.

«Бул жерде экологиялык чоң мыйзам бузуу болуп жатат. Бул заводду көчүрүп кетиш керек. Мисалы, Жапалактагы арматура заводду эл жаптырып салды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ал жактагы темирлердин баарын ушул жерге алып келип ээритишет экен. Муну тиешелүү органдар мыйзам чегинде карап чыгып, заводду алып чыгып кетиш керек»,- деди Алдакулов.

Жергиликтүү тургундардын маалыматында, аталган жер биринчи кездеме фабрикасынын жери болчу. Жашоочулар ортомчулар аркылуу жер тилкелерин сатып алып үй курушкан. Башында өнөр жай багытындагы жер болсо, кийин турак -жай курууга которулган.

«Үй курууга мамкаттоо уруксат берип, мэриядан токтом чыккан. Баардык документтерибиз бар. Бирок архитектура гана уруксат бербей жатат. Бизге ушул жерди бөлүп берген бала менен архитектуранын жетекчиси мамиле кылып, ал чечилбей калып ортодо элди кыйнап жатат. Анткени алар акчасын алалбай калышкан»,- деди жергиликтүү тургундар.

Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев жергиликтүүлөр үйлөрүн темир заводдун айланасына мыйзамсыз курган деп эсептейт.

«Аталган жер бизде башкы план боюнча өнөр жай деп катталып турат. Курулушка уруксат алган эмес. Жердин багытын өзгөртсө өзгөрткөндүр, бирок ал негиз болуп саналбайт. Башкы план чийилет тиешелүү кагаздар алынат, долбоор чийилет. Мындай иштер аткарылган эмес. ХБК кичи району союз учурунан бери эле өндүрүш багытында турат»,- деди Токошев.

Тургундардын арызынын негизинде Ош шаардык мэриясынан атайын комиссия түзүлүп, темир заводдун иши менен таанышып чыкты. Жыйынтыгында цехтте копсуздук эрежелерине туура келбеген аракеттер байкалган. Атайын комиссия жакын арада бир жыйынтыкка келерин кошумчалады.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6344 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо