Акыркы суткада коронавирус 1233 кишиден аныктылды

Соңку 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетин 1233 киши жуктуруп алды. Ошол эле учурда 763 бейтап айыгып чыкса, Бишкекте 4, Ыссык-Көлдө 3, Баткенде 1 адам көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 789;

Ош — 44;

Чүй облусу – 139;

Ош облусу — 32;

Талас облусу — 9;

Нарын облусу — 13;

Ысык-Көл облусу – 35;

Жалал-Абад облусу – 89;

Баткен облусу — 87.

Айыккандар: 

Бишкек – 410

Ош шаары – 83

Чүй облусу – 94

Ош облусу – 55

Талас облусу – 8

Нарын облусу – 9

Ысык-Көл облусу – 16

Жалал-Абад облусу – 63

Баткен облусу – 25

Ушул тапта стационарларда 4158 бейтап дарыланууда. Алардын 1193ү оор, 177си өтө оор абалда жатат. Үй шартында дарыланып жаткандар 12012.

Расмий маалымат боюнча өткөн жылдын мартынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 133 303кө жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 113 975. Курмандыктардын саны 2054.

 

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*