Цемент менен кирпичтин баасы көтөрүлдү. Инфографика

Өлкөдө бир айда цементтин баасы 13%га кымбаттады. Июнда 50 киллограм цементтин баасы  орточо 335 сомду түздү. Ал эми кирпичтин 1000 даанасына болгон баа 7840 сомго чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 18 калктуу конушка жүргүзгөн мониторингинин негизинде 7-июлда билдирди. 

Маалыматка караганда цементке болгон максималдуу баа Кара-Балта, Нарын шаарларында катталып орточо 50 киллограммы 400 сомдон сатылууда. Эң арзан цемент 300 — 320 сомдон Жалал-Абад, Өзгөн жана Ноокатта.

Ошондой эле, май айына салыштырмалуу кирпичтин баасы орточо беш пайызга жогорулаган. Кирпич эң кымбат Токмок, Исфана, Ноокат шаарларында миң даанасы 10 миңден 13 миңге чейин сатылып жатат. Ал эми, өлкө боюнча төмөн баалар Кара-Сууда 3 миң, Өзгөндө 6 миң сом деп катталган.

Бир ай ичинде цементтин баасы Кара-Балта шаарында — 21,2 пайызга, Бишкекте — 18,2 пайызга, жана Ошто — 14,5 пайызга олуттуу өсүшү катталды. Ал эми кирпич Кара-Балта шаарында — 40% жана Кербенде — 21,9%га кымбаттады.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*