
Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары дагы бир жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинди. Бул тууралуу милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
ИИМ кызматкерлери кечээ, 8-июль күнү саат 23.30 чамасында жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү, Ош шаарына караштуу айылдарынын биринин 30 жаштагы тургуну К.Эни кармаган.
«Ал Ош шаарынын аймагында жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышып жаткан бир партиянын кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан. Тагыраагы жарандардын добуштарын сатып алуу максатында шаар тургундарына атайын алдын ала түзүлгөн тизме менен 1500 сомдон акча каражатын таратып жүргөн. Алгачкы маалыматка ылайык, ал талапкердин жакын тууганы», —деп айтылам маалыматта.
Учурда жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери уланууда.
Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
Ага катышуу үчүн Ош шаардык кеңешине тогуз партия документтерин тапшырган.
Оставьте первый комментарий