Баткен: ок атышууда тажик тарап кармап кеткен аскер өлкөгө кайтарылды

Баткенде 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда тажик тарап кармап кеткен чек ара аскери Умаров Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу 10-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматында прапорщик Умаров эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин, 10-июлга караган түнү «Кайрагач-авто жол» жолу аркылуу өткөрүп берилген. Чек арачынын ден-соолугу канааттандырарлык экени айтылды.

Эске салсак, 8-июлда саат 17:00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусуна жакын жерден Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышканы кабарланган.

Тажикстандын улуттук «Ховар» маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*