Коронавирустан бир күндө 10 бейтап көз жумду. 1295 жаңы учур катталды

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб бүгүн, 10-июлда акыркы бир суткада COVID-19 жана пневмониянын лабороториялык тастыкталган 1 295  жаңы учуру катталганын кабарлады. Илдеттен 10 бейтап көз жумуп, 892 киши сакайды.

Коронавирус Бишкекте — 788, Ош шаарында — 51, Чүйдө — 160, Ош облусунда — 38, Таласта — 19, Нарында — 26, Ысык-Көлдө — 46, Жалал-Абадда — 64, Баткенде — 103  кишиден аныкталды.

Ошол эле учурда бир суткада Бишкекте — 6, Чүйдө — 2, Ошто — 2 бейтап көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 138 353ге жетти.  Айыккандар — 117 250 адам. Каза болгондор 2093 киши.

Бүгүнкү күндө ооруканада 4 585 бейтап бар. Алардын 1310у оор, 198и өтө оор абалда жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда — 13 282 бейтап бар.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*