Ошто бүгүн 1200гө жакын адам көчмө урна менен добуш берет

Сүрөт: БШК

Бүгүн 10-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайрадан шайлоодо көчмө урна менен шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү жүрүп жатат. БШКнын маалыматында Ош шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоого катышууга 1168 киши арыз берген. 

Ошондой эле, Бишкекте 2 602  шайлоочу, Токмокто  222 жаран көчмө урна менен добуш берет. 

Шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү шайлоого бир күн калганда саат 8:00дөн 20.00гө чейин шайлоочунун арызынын негизинде гана жүргүзүлөт. Көчмө урна менен добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген жана ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна бара албаган жарандардын укугу бар.

Эске салсак: 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Ош шаардык кеңешиндеги 45 орунга тогуз партиядан 702 талапкер ат салышкан. Жети пайыздык босогодон «Ата Журт Кыргызстан» «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары өткөн.

Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Ош шаардык кеңешине шайлоодо 9 партия ат салышмак. Бирок бүгүн 10-июлда «Ынтымак» саясий партиясынын шайлоодон баш тартканы кабарланды. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*