
Ошто бүгүн 10-июлда дагы бир саясий партиянын өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда бүгүн 13:00 чамасында, милицияга шаардык кеңешке катышып жаткан партиялардын биринин өкүлү, «Төлөйкөн» кичи районунунда шайлоочуларга эки миң сомдон акча сунуштап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактыны текшерүү учурунда, добуш сатып алууга шектелип партия талапкерлеринин бири 43 жаштагы А.К. аттуу аял кармалды.
Т-Медиага ишенимдүү булак аталган жаран «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлү экенин билдирди. Шаардык милициянын маалыматында шектүүнүн жанынан 37 миӊ сом акча, партияга таандык күбөлүк жана жарнамалык баракчалар табылган.
Учурда жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле, добушун сатуу үчүн акча алган шайлоочулар дагы аныкталып, тиешелүү көрсөтмөлөр алынып жатат.
Буга чейин 7-июлда, калаада добуш сатып алууга шектелип 3 жаран кармалган. Алардын бири «Ынтымак» патиясынын талапкери экендиги айтылган. Бүгүн 10-июлда «Ынтымак» партиясы аталган фактка байланыштуу арыздын негизинде шайлоодон четтетилди. 9-июлга караган түнү дагы бир жаран 1500 сомдон акча сунуштап жүргөндө кармалган. Шектүү саясий партиядагы талапкерлердин биринин жакын тууганы экени айтылып, кайсы партия экени ачыкталган жок.
Оставьте первый комментарий