«Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартты

«Ынтымак» саясий партиясы 11-июлда өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу партия бүгүн 10-июлда расмий кабарлады.

Билдирүүдө шайлоодон баш тартууга калаада мыйзамсыз аракеттер болуп, айрым партияларга тандалма күрөш жүрүп жатканы себеп болгону айтылат.

“Бул жолу шайлоо процесси таптакыр башка нукка бурулду. Ошто мыйзамсыздык жүрүп жатат жана айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүүдө. Буга мисал катары Ош шаарында биздин талапкерлердин бирине каршы уюштурулган чагымчылдыкты келтирсек болот. Ушул нюанстардын бардыгын эске алып, биздин команда катышуудан баш тартууну чечти. Биз өзүбүздүн имиджибизди жана жүзүбүздү, биринчи кезекте, шайлоочуларыбыздын алдында сактап калгыбыз келет» — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 10-июлга караган түнү  Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында «Ынтымак» партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетүү маселеси каралган. Буга саясий партиянын үстүнөн «Жалпы иш» коомдук фондунун арыз менен кайрылганы себеп болгон. Анда Ош шаардык милициясы партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганына карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканы айтылат. Жыйынга «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиевда катышкан. Ал талапкердин мыйзамсыз ишке барарын билбегенин айтып, партиядан Ош шаардык кеңешине шайлоого катталган талапкерлер тизмесин жокко чыгарууну сунуштаган.

Эске салсак, 7-июлда Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип үгүтчүлөр кармалып, алардын жанынан жашоочулардын тизмеси менен 115 миң сом акча каражаты табылган. Өздүк булактар шектүүлөр «Ынтымак» партиясынын өкүлдөрү экенин билдирген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*