Президент Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого көчмө урна менен добуш берди

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоодо, шайлоо тилкесинен тышкары добуш берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы  билдирди.

Жапаровдун көчмө урна менен добуш беришине бир күн мурда анын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус катталгандыгы себеп болгон.

«Президент берген пчр-тестинин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыккан жок. Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштарына ылайык, ал башкалардын ден-соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл»— деп айтылат маалыматта.

Мыйзам боюнча, шайлоочулардын тизмесине киргизилген бирок ден-соолугунун абалына байланыштуу же башка себептерден улам добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган жарадарга участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө бир күн калганда көчмө урна менен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Белгилей кетсек, эртең 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*