Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 21.4 пайызы добуш берди

Сүрөт: Т-Медиа/ Наргиз Анарбаева

Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 16:00гө карата 132 139 адам добуш берди. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 21.4 пайызын түзөт.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоого катышкан жарандардын саны Бишкекте 16.79%. Ал эми Ошто 32.7%, Токмокто 30, 27%ды түзгөн.

Бишкекте 18, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутатыгына ат салышып жатат. 

БШКнын маалыматы боюнча, аталган үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 517 шайлоочу киргизилген. Бишкек шаарында 426 699, Ошто 152 718 жана Токмокто 38 100 шайлоочу катталган.​

Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо