Саат 2ге карата үч шаарда 105 миңден ашуун шайлоочу добуш берди

Сүрөт: Т-Медиа/ Наргиза Анарбаева

Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра өтүп жаткан шайлоодо саат 14:00гө карата 105 362  шайлоочу добуш берди. Көрсөткүч жалпы шайлочулардын 17,6 пайызын түзөт.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, добуш бергендердин көрсөткүчү Бишкекте 55 515 (13,01%), Ошто 40 695 (26,65%), ал эми Токмокто 9 152 ( 24,02%) түзүүдө.

БШКнын маалыматы боюнча, аталган үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 517 шайлоочу киргизилген. Бишкек шаарында 426 699, Ошто 152 718 жана Токмокто 38 100 шайлоочу катталган.​

Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо