Ошто кайсы жерден эмдөөдөн өтсө болот? Даректери+карта

Ош шаарына бүгүн 12-июлда Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 110 миң дозасы келди. Жаңы келген вакциналар менен эмдөөнү жапырт баштоо үчүн калаада 35 пункт ачылды.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Салтанат Орозбаеванын билдиришинче, эмдөө борборлоруна вакцина бүгүн бөлүнүп берилет.

Алар шаардагы  үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, базарларда, гипермаркеттерде жана төрт мектептин имаратында акысыз жүргүзүлөт. Пункттарга бүгүн вакцина бөлүштүрүлүп берилгенден соң, тургундар төмөнкү адрестер боюнча вакцина ала алышат.

Картадагы кызыл тегерекчени басып, сизге жакын аймактардагы борборлорду тапсаңыз болот. Сол тарабын басып, даректердин толук тизмесин ача аласыз.

Ош шаарына алынып келинген 110 миң доза вакцина эмдөө борборлоруна төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт.

 

Вакцина алуу үчүн кандай документтер керек?

Мындан ары, калаадагы эмдөө бөлүмдөрү күнү-түнү иштей баштайт. Вакцина алам деген жашоочулар каттоодон өтүү үчүн борборго өздүгүн тактоочу документтерин ала баруусу керек. Башка керектелүүчү документтер эмдөө пункттунда дарыгердин көзөмөлүнөн өткөн соң ден-соолугуңузга байланыштуу талап кылынышы мүмкүн.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталган 29-марттан баштап 130 миңге жакын адам вакцина алды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*