Аксыда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бүгүн саат 11:10до Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынан селге аккан 3 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Учурда калган куткаруучулар 5 жаштагы Таштак айылынын тургунун издөө иштерин улантышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Эске салсак, Аксы райоунунда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жааган жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алардын ичинен 6 адамдын сөөгү ошол күнү табылган. 

Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*