Кара-Кулжа: Тар дарыясына түшүп кеткен наристенин сөөгү 20 күндөн кийин табылды

Сүрөт: ӨКМ

Кара-Кулжа районунда Тар дырыясына түшүп кеткен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын ичинде болгон төрт жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдирди.

Наристенин жансыз денесин 13-июлда жергиликтүү тургундар табышкан. Ошол эле күнү туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эске салсак: кырсык 24-июнда саат 22.00дөр чамасында болгон. Унаанын айдоочусу Көңдүк айылындагы «Асыран бий» көпүрөсүнөн өтүп баратып рулга ээ боло албай сууга кулаганы айтылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Hyundai Porter унаасынын ичинде беш адам болгонун кабарлаган. Куткаруучулар 41 жаштагы айдоочу жана 13 жашар жүргүнчү кызды сактап калууга үлгүргөн. Экөө каза болду, төрт жаштагы кыз дайынсыз болуп жаткан.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*