Коронавирустан дагы он адам көз жумду, 1398 бейтап жаңы катталды

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 14-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан он бейтап көз жумду. Каза болгондордун бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ош облусунда, калган экөө Жалал-Абадда. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 133​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 398 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 773 киши. Чүйдө — 177, Ош шаарында — 67,Ош облусунда — 73, Таласта — 11, Нарында  — 15, Ысык-Көлдө — 52, Жалал-Абад облусунда — 11 жана Баткенде — 119 учур.

Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 143 668 адамга жетти. Андан 120 731 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 675 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 228 бейтаптын абалы өтө оор, 1 358 кишиники оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 56медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 012 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын ичинен 5 218и сакайды.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*