Министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууга киришти

Өкмөт бир нече мамлекеттик ишканалардагы үлүшүн сатууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Министрлер кабинети “Альфа Телекомдун” акциясынын 100 пайызын, “Кепилдик фондун” 14,09 пайызын, “Керемет банкын” 0,74 пайызын жана Евразиялык сактык банкын 76,56 пайызын менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү. “Керемет Банкты” “Улуттук банк”, “Кепилдик фондун” ишкерлер сатып алышат. Анткени бул пайдалуу. Мегакомду чет элдик инвестор сатып алса болот, бирок Евразия сактык банкын сатуу анчалык оңой болбойт. Ар бир төңкөрүш же бийлик алмашкан сайын мамлекеттик ишканалар чиновниктердин жакындары үчүн жумушка орноштуруучу агенттикке айланган практикадан алыс болушубуз керек. Андан көрө алар жеке колго өтүп, салык төлөшсүн», — деп жазган Бекешов.

Бирок, бул боюнча өкмөт азырынча маалымат бере элек.

Президент Садыр Жапаров 5-майда мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин айткан. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын билдирген.

Кыргыз өкмөтү «Мегаком» ишканасын бир нече жылдан бери сатууга аракет кылып келет. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Мамлекеттик мүлктүн көбү сатылмай болду

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*