
Москванын «Кузьминки» метро станциясынын жанындагы калайман мушташка катышкандардын алтоо 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу РИА новости Кузьминки райондук сотунун маалымат кызматына таянып жазды.
«Сот алты адамды административдик тартип бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, ар бирин 15 суткага камоо чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.
12-июлда Москвада кыргыз жана тажик жарандарынын катышуусунда массалык мушташ катталган. Жалпысынан полиция мушташка катышкан деп 103 кишини кармаган. Аларга карата «Чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу» жана «Майда бейбаштык» беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн.
Орус медиалары 11-июлдагы массалык мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.
Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тараган. Мындан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү да жарыяланган.
Москва шаардык ички иштер башкармалыгы калайман мушташка катышкан мигранттар Орусиядан күчтөп чыгарыларын жана айрымдарын өлкөгө кайра киргизбөө тууралуу чечим кабыл алынарын билдирди.
Оставьте первый комментарий