Намангандагы селден сегиз киши каза болду

Наманган облусунун Касансай районундагы селден сегиз киши каза болуп, алтоо жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, селге Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы нөшөр жаан себеп болгон.

13-июлда түштө Наманган облусундагы Обод маалесин аралап өткөн Касансай дарыясы нугунан чыгып, үйлөрдү суу каптаган.

Мекемеден кырсык болгон жерге жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, Ички иштер башкармалыгынын жана прокуратуранын өкүлдөрү барганын, абал көзөмөлдө экенин билдиришти.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө-куткаруу иштерин улантып жатышат.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*