Ош: беш партия шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатат

Ош шаардык кеңешине ат салышкан беш партия шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазышты. Бул тууралуу «Т-Медиага» «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Улан Канат уулу билдирди.

Арызды алдын-ала жыйынтык боюнча мандат албай калган «Келечек — Будущее», «Нур» «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан» жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган «Ынтымак» партиясынын өкүлдөрү жазган.

«Арызды кечээ таштадык. Мыйзам бузууга барган партияларга мыйзам чегинде тиешелүү жазалар колдонулсун. Бизге жеткен маалыматтар боюнча шайлоого бир күн калганда «Ата-Журт Кыргызстандан» добуш сатып алууга шектелип кармалган талапкерлер бар. Бирок тизмеге чыкпады. «Бир Болдон», «Улуттар биримдиги» партияларынан да кармалгандар бар экен. Шайлоо күнү «Биздин Кыргызстандын» агитаторлору адамдардын паспортторун жыйнап, акча тараткан фактылар бар. «Ушунун баарын эске алып, шайлоонун жыйынтыгын карап чыгуу жана фактыларга карата чара көрүлсүн» деп арыз таштаганбыз», -дейт Улан Канат уулу.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров азырынча үч партиядан — «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Ынтымактан» арыз келип түшкөнүн «Т-Медиага» билдирди. Алардын кайрылуусу мекеменин бүгүнкү отурумунда каралат.

11-июлда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо болуп өттү. Алгачкы жыйынтыкка караганда, сегиз партиянын ичинен төртөө алдыга чыкты. Алар: «Ата-Журт — Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Бир бол» партиялары.

Экс-депутаттар, мэрия кызматкерлери, жумушсуздар. Ош шаардык кеңешине кимдер баратат?

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*