Мындан ары облус башчылары президентке баш ийет. Жапаров жарлыкка кол койду

Бүгүн, 16-июлда президент Садыр Жапаров «Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, облус башчылары президенттин облустардагы өкүлү болуп өзгөрөт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырары айтылат. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин көзөмөлдөйт.

«Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Ошондой эле, аларга түздөн-түз баш ийип, отчёт берет. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орду саясий мамлекеттик кызмат жана ал облустун башкы кызмат адамы болуп саналат. Облустун социалдык-экономикалык абалына жооп берет. Жогорку билимдүү, 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү боло алат. Анын эки орун басары болот. Алар ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат», -деп айтылат маалыматта.

Мурдагы баш мыйзамга ылайык, губернаторлор Министрлер кабинетинин облустардагы өкүлү деп аталчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо