Мектепти аяктап, кайсыл ЖОЖго тапшырууну билбей жатасызбы?
Евразияда алдыңкы ондукка кирген ОшМУ менен тааныштырабыз
Окуу жылы аяктап, жогорку билимдүү болууну самаган жаш достор кайсы окуу жайды тандоону билбей турасызбы? Биздин редакция 82 жылдык бай тарыхы бар өлкөдөгү алдыңкы ЖОЖдордун бири Ош мамлекеттик университети менен тааныштырат.
Ош мамлекеттик университети быйыл Евразиядагы ТОП-10 мыкты ЖОЖдордун катарына кирген. Ошондой эле Борбор Азиядагы эң алдынкы 5 университеттин бири. Төрт жыл мурун "Даңк" орденине ээ болгон. Ушул тапта ОшМУ Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдордун сап башында турат.

Ош мамлекеттик университетинде бала бакчадан тарта, мектеп, лицей, колледж, университет, институттарга чейин уюштурулган. Калаада бул окуу жай ар жылы заманбап үлгүдөгү имараттарды тынбай куруп келе жатканы да маалым.
Ош мамлекеттик университетинин алдында бала бакча, колледж, лицейлер, институттар да бар.
ОшМУнун студенттери чет өлкөдөгү 267 окуу жайда билим алып келсе болот
Студенттердин башка өлкөлөрдө да билимин жогорулатышына кызыктар болгон университет, чет өлкөлүк 300гө жакын ЖОЖ менен кызматташат. Окуу жай дал ушул багытта мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жылына болушунча көп студенттерди чет өлкөгө жиберүүгө умтулуп келет. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун айтымында, студенттерден бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга аракет жана чет тилин билүү гана талап кылынат.
Кудайберди Кожобеков
Эл аралык рейтингдерде чет өлкөдө окуп келген студент, окутуучулардын саны ОшМУну алдыга сүрөп турат. Статистикалык маалыматтарга көз салсак, акыркы беш жылда чет өлкөдө окуп келген студенттердин саны үч эсе өскөн.
Университет эки тараптуу кызматташтык келишимдердин алкагында Эразмус+, Мевлана, ДААД, ШКУУ, ITEC, "Ош декларациясы" жана башка академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде чет өлкөлүк, ата-мекендик окуу жайлар, эл аралык өнөктөштөр менен иш алып барат.

Окуу жайдын Кытай, Германия, Япония, Корея, Индия, Туркия, мамлекеттериндеги, Евросоюз өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланыштары бар.
ОшМУда окуп жатып, чет өлкөдө билим алса болобу?
Кош дипломдуулук деген эмне?
Учурда ОшМУ студенттерине бир убакта эле эки мамлекетте билим берип, кыргызстанда да чет өлкөдө да жарамдуу кош дипломго ээ кылуунун үстүндө иштеп жатат. Бул академиялык мобилдүүлүктүн (чет өлкөдө алмашуу жолу менен окуу) туу чокусу болуп калат деген Кожобеков бул жаатта алгачкы долбоорлор жолго коюлганын билдирди.
Кудайберди Кожобеков
Ош мамлекеттик университетинин ректору
"Биз чет өлкөлүк университеттер менен биргелешкен адистиктерди ачып, бирдей программаны бекитип студенттерди бир мезгилде эле эки университетке кабыл алууну жолго коюп жатабыз. Алар эки жыл Кыргызстанда окуп, калган эки жылды чет өлкөлүк окуу жайда улантып келишет. Жыйынтыгында эки өлкөдө тең жарамдуу кош диплом берилет. Учурда мындай долбоорлорду иштеп чыгып, жакшы жолго койдук"
Окуу жай кош диплом берүү долбоорлорун Кытай, Европа өлкөлөрүнүн университеттери менен ишке ашырууну көздөп жатат. Учурда Россиялык ЖОЖ менен 4 долбоорду аяктап, аймак таануу, медицина адистиктери боюнча эки өлкөнүн дипломун алуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизүү алдында.
Теория менен бирге практикага да басым жасалат
ОшМУ акыркы жылдары окуу системасын жаңылап, теорияны практика менен айкалыштырып окутууга басым жасап жатат. Башкача айтканда студенттер окуунун жүрүшүндө эле өз тармагында иштөөгө үйрөнүп, практика жүзүндө өзүн сынай алат. Мындай мүмкүнчүлүк, жигердүү студенттердин ЖОЖду аяктары менен жумушка орношушуна шарт түзөт.
Үн жаздыруучу студия
Окуу жайдын искусство факультетинде атайын үн жаздыруучу студия, тигүү цехи, арт студия уюштурулган.
Ал эми, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде журналистика адистигиндеги студенттер үчүн, "Башат" телестудиясы, "Чатыр лаб" медиалабораториясы түзүлгөн.
Медициналык клиника
Медицина факультетинин студенттери практика жүзүндө иштей билиши үчүн, ОшМУнун медициналык клиникасы ачылган.
Университеттин башка адистиктер боюнча факультеттеринде да, кошумча тил курстары, студенттер үчүн лабораториялар ачылып, колдонууга берилген. ОшМУда жалпы 20 факультет бар. Алар:



















Окуу жайдагы адистиктер жана корпус даректери менен төмөндө таанышсаңыз болот. Картанын сол тарабын басып факультеттердин тизмесин таба аласыз.
Пандемияда аксатпаган ОшМУ программисттери
Ош мамлекеттик университети окуу жайдагы платформаларды өз программисттеринин иштеп чыккандыгы менен сыймыктанып келет. Өлкөдө өткөн жылдын март айында пандемия башталып, окуу жайлар онлайн окутууга өткөнгө мажбур болгону маалым. Бул мезгилде ОшМУ программисттери студенттердин аралыктан катталуусу үчүн https://priem.oshsu.kg/ маалымат системасын түзгөн. Ал эми, онлайн окутууну эффективдүү жүргүзүү үчүн студенттердин онлайн күндөлүгү болуп калган KelBil мобилдик программасынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшырткан. Башкача айткан KelBil программасы сабак уюштуруучу башка платформаларга (Zoom, Google Classroom, YouTube, Moodle, окуу жайдын кызматкерлери иштеп чыккан http://webinar.oshsu.kg/ порталы) бир жол аркылуу кирүүчү башаттык платформа болуп калды.

Ошондой эле, "Электрондук табель", "Электрондук документ жүгүртүү", "Электрондук өздүк баракча" сыяктуу жаңы платформалар иштелип чыгып, колдонууга берилди. Бул программалар ашыкча убаракерчиликти, кагаз иштеринин кыймылын кескин азайтууга көмөктөшөт. Тилекке каршы өлкөдө бардык эле университеттердин өзүнүн программистери жок. Мындан улам, дал ушул жаатта быйыл сентябрь айында "Санарип университет" аттуу конференция уюштурулуп, өлкөдөгү жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери ОшМУга тажрыйба алуу үчүн келип кетишкен.
ОшМУда эң мыкты 10 студент 1200 $ стипендия алат
Кыргызстанда бир гана ОшМУда эң мыкты билим алган 10 студент ар жылы 1200 $ стипендия ала алат. Мындай мүмкүнчүлүк билим алуучуларды шыктандыруу үчүн, өмүр бою университетте эмгектенген окутуучунун колдоосу менен ишке ашат. Ошондой эле, спорт сүйүүчүлөрү өз жөндөмүнө карап, спорт, илим, билим боюнча республикалык, аймактык, эл аралык конкурстарга, олимпиадаларга, фестивалдарга катышышына университетте мүмкүнчулүктөр түзүлгөн.
Чет өлкөлүк студенттер үчүн ишенимдүү университет
Ош мамлекеттик университетине чет өлкөлүк студенттердин агымы жакшы экени маалым. Окуу жай ректору Кудайберди Кожобеков студенттердин ишенимдүү келүүсүнө, ОшМУ дүйнөлүк деңгээлдеги көз карандысыз агенттиктерде аккредитациядан өткөндүгү себеп дейт. Башкача айтканда, университеттин окутуу системасы, чет өлкөнүн жумушка кабыл алуу талаптарына жооп берет. ОшМУнун жалпы 117 жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өткөн.
ОшМУ бүтүрүүчүлөрү
Дүйнөдө ТОП-700дүн катарына кирүүгө болгон аракеттер
ОшМУ 2019-2024-жылдар аралыгындагы дүйнөлүк университеттердин ТОП-700нө жана Борбордук Азиядагы эң алдыңкы 3 университеттин катарына кирүүнү пландап жатат. Бул үчүн окуу жай чет өлкөлүк университеттер менен кызматташууну жакшыртып 33 мамлекетте 267 ЖОЖ менен иш алып барууда. Университет эл аралык стандарттагы билим берүүгө жетишүү үчүн акыркы жылдары 30дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, башка курулуштарын заман талабына ылайык модернизациялаган. Быйылкы жылы Ак-Буура кампусундагы медицина факультети үчүн 2 окуу корпусун, ОшМУнун алдында ачылган М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын окуу имарттарын пайдаланууга берүү алдында турат.
ОшМУга тапшыруу үчүн кандай документтер керек?
ОшМУ факультеттеринен тышкары 9 жана 11-класстын базасында
  • Медициналык колледжине;
  • Өзгөн эл аралык медициналык колледжине;
  • Финансы – юридикалык колледжге;
  • Индустриалдык-педагогикалык колледжге;
  • Эл аралык билим берүү программалары;
  • STEM инновациялык колледжине тапшырууга болот.
Ош мамлекеттик университетине окууга кирүү үчүн:

– Абитуриенттин арызы ;
– Аттестат же диплом (түп нускасы);
– ЖРТнын сертификаты;
– 3 х 4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
– Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;
– Медициналык справка (орто кесиптик адистиктер үчүн гана);
– Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү керектелет.
Учурда 2021-2022-окуу жылына студенттерди кабыл алуу https://2020.edu.gov.kg сайтында жүрүп жатат.