
Кыргызстанда коронавирус өткөн суткада 1 364 кишиден жаңы аныкталды. COVID-19 илдетинен 1139 бейтап сакайып, бир күндө 11 адам каза болду.
17-июлга карата оорунун Бишкекте — 778, Ошто — 33, Чүйдө — 205, Ош облусунда — 48, Талас жана Нарында 24төн, Ысык-Көлдө — 51, Жалал-Абадда — 85, Баткенде — 116 учуру катталды. Илдеттен Бишкекте — 6, Нарында — 1, Баткенде — 3, Жалал-Абадда — 1 бейтап көз жумду.
Ушуну менен пандемия башталган өткөн жылдын март айынан бери коронавирусту 147 656 киши жугузуп алды. Анын ичинде 124 058 бейтап илдетти жеңди. 2165 киши оорудан каза болду.
Бүгүнкү күндө, ооруканада 4763, үйдө 15 469 бейтап дарыланууда. Алардын 1437си оор, 200ү өтө оор абалда.
Оставьте первый комментарий