Кыргыз эл мугалими Мукаш Базаркулов дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 16-июлда 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, мамлекеттик ишмер, некролог Мукаш Базаркулов дүйнөдөн өттү. Президенттик аппарат маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Мукаш Базаркулов Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Саз айылында төрөлгөн. 1955-жылы Педагогика институтун, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Мамлекеттик ишмер эмгек жолун 1955-жылы орто мектептин мугалиминен баштап Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн.

Мукаш Базаркулов министрлик кызматын 12 жыл бою жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн.

Ал Кыргыз ССРинин элге билим берүү министри болуп турганда 348 миң окуучу орунга ылайыкталган 452 мектеп, 64 миң балага ылайыкталган 379 бала бакча курулган.

Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болушуна жандуу катышып, 1993-жылкы Конституциянын кабыл алынышына чоң салым кошкон.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*