
Кыргызстанга Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы гумжардам катары келди. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.
Гуманитардык жүктү 16-июлда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алган.
Бул вакцина менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык адамдар эмделет.
Буга чейин 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келген. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калганын бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Июль айынын аягында COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган.
Оставьте первый комментарий