Осмонов: өлкөдө коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар улангандай

Жогорку Кеңештин депутаты, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Айбек Осмонов азыркы саясий абал тууралуу өзүнүн facebook социалдык баракчасына жазды. Ал өлкөдө артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү сыяктуу адилетсиз кадамдар уланып жатканын айткан.

«Биздин азыркы жашоо деңгээлибизге, үч жолку бийлик алмашууга, өлкөнүн учурдагы кейиштүү экономикалык абалга өлкө башкаруучусунун тегерегиндегилер күнөөлүү экенине ынанып баратам. Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатта, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишет тура»,— деп жазды Осмонов.
Ошондой эле, Осмонов Ош шаарында өткөн шайлоодо анын партиясы өтүп калганы кээ бирөөлөргө жакпай турганын билдирди.
«Ош шаарында өткөн шайлоодогу элибиздин колдоосу менен жараткан жетишкендигибиз кээ бирөөлөргө жакпагандай. Эртен кокустан эле биздин партиябызды тизмеден алып салса деле таң калбай калдым! …..Андай болсо бардык партияларга мыйзам бирдей иштесе жакшы болмок»— деген Осмонов.
Айбек Осмонов Жогорку Кеңеште «Бир бол» партиясынан депутат. Ал «Ихлас» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Соңку Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин шайлоосуна «Биздин Кыргызстан» партиясын баштап барган. Добуш берүү жыйынтыгында аталган партия Ош шаарында 7 пайыздык чектен өтсө, Бишкекте бул босогодон аша алган эмес.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*