Жылдар бою чечилбеген таза суу көйгөйү
Кыргызстанда таза суу тартыштыгы көйгөйлүү маселелердин бири. Сууга бай делген мамлекетибизде ичүүчү суусу жок айылдар дагы эле арбын.
Ылай суу ичкен Шибээ айылы
Чоң-Алай районуна караштуу Шибээ айылында таза суу көйгөйү чечилбей келет. Кыштак эли 2 чакырымдан узак жердеги дарыядан ылайка сууну ташып, тундуруп ичишет. Ал эми кыш мезгилинде суу ташып келүү айылдыктарга кыйынчылык жаратат. Тургундар бул маселе бир топ ирет көтөрүлгөнү менен чечилбей жатканын айтышат.
"Шибээ айылы түптөлгөндөн бери эле жашоочулар алыстан суу ташып ичишет. Май айынан октябрга чейин дарыядагы суу каналга бурулат. Калган айларда сууну дарыядан эшектер менен ташып ичебиз. Кышында бир гана эшек өтө ала турган жол болот. Эгер карама-каршы жактан дагы бирөө суу алып бара жаткан болсо, көйгөй жаралат. Эшектер суусу менен кулаган учурлар көп эле болду"
,- дейт Шибээ айылынын тургуну Абдумухит Абдуллаев.
Ош облусунда 100дөн ашык айылда таза суу жок
Ош облусунун аймагында 493 айыл бар. Анын ичинде 102 айылда такыр суу чыгарылган эмес.
Ошто 1960- 80-жылдарга чейин курулган 25 айылда суу бар- жоктун ортосунда. Биз калктын саны менен жыйынтык чыгарабыз. Ошондо Ош облусундагы 80% калкыбыз суу менен камсыз болгон. Суу маселеси бүгүнкү күндө аябай катуу жүрүп, чечилип жатат.
Ички таза суу департаментинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Ильяз Ташболотов.
Жергиликтүү бийликтин маалыматында, учурда Бүткүл дүйнөлүк банкы жана Ислам өнүкүрүү банкы менен өлкөдөгү суу маселесин чечүү тууралуу иш алып барылууда.
"Азыркы күндө облус боюнча 41 айылда таза суу маселеси жүрүп жатат. 13 айылда жакынкы күндө таза суу чыгарылат. Биздин программа боюнча 2024-жылдын башына чейин бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылып бүтөбүз деген ниет бар"- дейт Ильяз Ташболотов
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин бардык айылдарда таза суу чыгарын айткан
Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы Бишкектеги "Аймактар үчүн таза суу" форумунда калк 5 жыл ичинде таза суу менен толук камсыздаларын айткан. Анда Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлган.
Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда.
Сооронбай Жээнбеков
Экс-президент
Суу көйгөйүн өздөрү чечкен тургундар
Алай районундагы айылдардын биринде таза суу көйгөйү бир топ жылдан бери чечилбей келген. 70 кожолук жашаган айылда жаз-кышы суу ташып ичүүдө маселе жаралып турган. 2019-жылы айыл эли жапырт акча топтоп, маселесин өздөрү чечип алышкан.
"Айылда таза суу жок эле. Алыстагы дарыядан эшек, ат менен ташып келип ичет элек. Айылыбыздан чыккан аты таанымал, беделдүү адам 2 жыл мурун таза суу чыгаралы деген демилге көтөрдү. Демилгечи жана айылдагы эл акча топтодук. Өкмөт техникаларды чыгарды. Жашоочулар иштеп, 70 кожолуктун эң орчундуу көйгөйү чечилди", - деди Алай районунун тургуну.
АРИС айылдарга акысыз суу чыгарат
Өлкөдө Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС)бир нече айылдарга акысыз суу чыгарып берген. Алар таза сууга муктаж кожолуктун тизмесин суу департаментинен алышат. АРИСтин маалыматында, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 25 айыл таза сууга муктаж. Анын ичинен 20 айылда иш жүрүп жатат. Калгандарында каржы маселеси чечиле элек.
"Биздин иш Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашат. Бүгүнкү күндө Баткен, Таласка да долбоорлор иштелип чыгып жатат. Биз сууну каерден алып келет, канча акча кетет, баарын санап чыгабыз",- деди Айылдарды суу менен камсыздоонун жакшыртуу долбоорунун муниципалдык өнүктүрүү жактан адиси Максатбек Жумашов.
АРИСтин таза сууга муктаж деген тизмесине Баткен,Таластан 60 айыл кирген.
"Бизде бир проект ачылса, бир проект жабылат. Азыр иштеп жаткан долбоор 2017-жылы башталса, 2027-жылы бүтөт. Талас, Баткендики 2020-жылы башталган. Ал 2024-жылы бүтөт. Долбоорлор менен биз көчөлөргө суу кампасын коюп беребиз. Ал эми тургундар өз каражатынан ошол суу кампасынан үйлөрүнө суу тартып, эсептегич коюшат",- деди Максатбек Жумашов.
Сары-Могол айылына суу чыгарып берген турист
Чоң-Алай жана Алай районунун ортосунан орун алган Сары-Могол айылында 850дөн ашуун түтүн бар. Айылда бир топ жылдан бери таза суу маселеси көтөрүлүп, бирок чечилбей келген. Мындан улам түрдүү оорулар көбөйө баштаган. Өкмөттөн 112 миллион сомдук долбоор жазылганы менен каражат бөлүнбөй келген. Сары-Могол айылына Кореядан келген Вон Гу аттуу турист элдин көйгөйүн көргөн соң 2 айда айылга таза суу чыгарып кеткен.
Мамыр Жээнбай уулу
Сары-Могол айылынын таза суусунун убактылуу көзөмөлдөөчүсү
Учурда Сары-Могол айылында 35 суу кампасы бар. Ар бир 200 метр сайын кампалар курулуп, элди толук камсыздайт. Суу чыгарууга кеткен негизги каражатты Вон Гу өзү каржылаган. Айыл эли курулушуна жардам берип, суу кампаларын курууга салымын кошушту. Жалпы суу чыгарууга 8 миллион сом каражат кеткен.
2020-жылдагы статистикалык маалыматтарга караганда, өлкөдө таза суу такыр чыга элек 300дөн ашуун айыл бар.
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.