Статком: июлда айрым азык-түлүк баалары төмөндөдү

Сүрөт: T-Media/nargizaanarbaeva

Кыргызстанда июль айында картошканын баасы орточо 19 сомго арзандады. Ошондой эле помидор, бадыраңдын баасы төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 18 калктуу конушка жүргүзгөн мониторингинин негизинде билдирди.

Июлга карата картошканын 1 киллограммы орточо 42 сомду түзгөн. Ал эми помидор 51 сом болуп 20%га, бадыраң 21 сом болуп 25%га арзандаган. Статкомдун маалыматына ылайык учурда эң арзан картошка Өзгөндө 32 сом, Баткенде 35 сомдон сатылып жатат. Ал эми эң кымбат Бишкекте 44, Жумгалда 46 сомдон катталган.

Ошондой эле, помидордун арзанын Нарында 35 сомдон, бадыраңды Токмокто 19 сомдон алууга болот.

Өлкөдө мөмө-жемиш жана жашылчалардын баасынын кымбатташы июнь айында байкалып, картошка май айына салыштырмалуу 36,3, жемиштер — 6,4 пайызга жогорулаган.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 257 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо